Финляндиялык "HMD Global" компаниясы Nokia маркасындагы смартфондорду чыгарууну токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана буга чейин смартфондорду өзүнүн бренди менен гана чыгара турганын жарыялаган. Учурда компания өзүнүн сайтынан Nokia смартфондорунун моделдерин алып салган.
Белгилүү болгондой, акыркы бир нече жыл ичинде Nokia смартфондорунун жаңы моделдери жарыяланган жок. Компаниянын продукциялары рыноктун лидерлери Apple жана Samsung өңдүү атаандаштарына туруштук бере алган эмес.
Бирок азырынча сатууда жөнөкөй, арзаныраак, кнопка аркылуу басыла турган уюлдук телефондор бар экени маалым болду.