Мурдагы "Ганси" базасында миллиондогон сомдук мүлк уурдалганы аныкталды

Мурдагы “Ганси” транзиттик ташуулар борборунда сактоодо турган 6 миллион 700 миң сомдук материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
"Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштерин жүргүзүү менен кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан