Быйылкы окуу жылынан баштап окуучулар класстан класска көчүү үчүн кыргыз тилинен экзамен тапшырат. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Билим берүү министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, милдеттүү түрдө өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарында менчигине, окутуу тилине карабастан, кыргыз тилинен экзамен тапшырат. Сынактар жазуу жана оозеки түрдө жүргүзүлөт.
Бул жылы, тактап айтканда, 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгында 5-6-класстын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тарта 7, 8 жана 10-класстын окуучулары кыргыз тили сабагынан сынактан өтөт.
Экзамендерди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштуруп, өткөрө турганы айтылды.