"Жаакка чаап, жулмалап..." Бишкекте 20дагы жигит өспүрүм кыздын телефонун тартып алды (видео)

Бишкек шаарында тоноого шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 11-январда саат 20:00 чамасында Жибек Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен 17 жаштагы кызга күч колдонуп, анын 40 миң сомдук iPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2004-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

17.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан