Нурланбек Тургунбек уулу Палестинанын элчисин кабыл алды. Анда эмне кеп болду?

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Жавад Мохаммад Авадды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланып, тараптар Палестинадагы азыркы кырдаал боюнча да ой бөлүштү.

Төрага Кыргызстан Палестинадагы коогалуу окуяларга, анын ичинен Газа тилкесиндеги согуштук жагдайга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи.

“Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз. Айрыкча акыркы макулдашуунун бузулбай ишке ашырылышына кызыкдарбыз жана кубаттайбыз”, – деди Тургунбек уулу.

Муну менен катар Кыргызстан Палестинага жасалган согуштук аракеттерди кескин айыптап келе жаткандыгын айткан төрага Эр-Рияд шаарында өткөн VIII Ислам саммитинде өлкө башчысы Садыр Жапаров да ок атышууну токтотууга, ошондой эле эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги жарандарга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга чакырганын эске салды.

“Биз Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйбыз. Мындай пикирибизди эл аралык аянтчаларда да ачык билдирип, согушту токтотуу маселесин дайыма талап кылып келебиз”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Өз кезегинде элчи Жавад Авад Израилдин баскынчылыгы 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланып келе жатканын, кандуу алааматтан 60 миңдей адам каза болуп, 160 миңден ашуун адам жаракат алганын, урандылар астында дайынсыз жоголгондор да арбын экенин маалымдады. Ошондой эле Газа тилкесиндеги инфраструктура толугу менен талкаланып, турак үйлөрдүн 85 пайызы кыйроого учураганын кошумчалады.

Андан тышкары элчи Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип: “Эл аралык аянтчаларда дайыма ачык пикириңиздерди айтып, кабыл алынган резолюцияларда жана чечимдерде бизди колдоп келесиздер. Биз бул көмөгүңүздөрдү эч качан унутпайбыз”, – деди.

Ошону менен катар элчи Жогорку Кеңештин төрагасына Палестина мамлекетинин парламент төрагасынын жолдогон катын тапшырып, Палестинага расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан