Бүгүн, 17-январдагы Министрлер кабинетинин жыйынында перспективдүү инвестициялык долбоорлордун тизмеси бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бул тизмеге энергетика тармагындагы 6 долбоор, туруктуу шаарларды жана айылдарды түзүү боюнча 9 долбоор, өнөр жайдын потенциалын күчөтүү үчүн 3 долбоор, транспорт жана логистика багытында 11 долбоор, туризм багытында 3 долбоор, кен байлыктарды өздөштүрүү боюнча 2 долбоор, ирригация багытында 10 долбоор кирет. Бул тизме мындан ары дагы башка маанилүү долбоорлор менен толукталмакчы.
Перспективдүү инвестициялык долбоорлордун катарына “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, Асман шаарын куруу, регионалдык жолдорду куруу жана аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу кирет.
Анын ичинде “ар бир айылга чейин жолдор асфальттанат” деген президенттин тапшырмасы аткарылат, Бедел ашуусу аркылуу трансчегаралык эл аралык автожолду куруу, Куланак жана Казарман ГЭСтери, “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин куруу жана башка масштабдуу тоо кен кластерлери жана ирригациялык долбоорлору бар.