"Караколго 2, Жалал-Абадга 2,2 миллиард сом". Былтыр шаарларды өнүктүрүүгө канча каражат жумшалды?

Бүгүн, 17-январда Министрлер кабинетинин жыйынында 2024-жылга карата административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү доклад менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды. Ал 2024-жылы административдик-аймактык реформа боюнча чоң иштер жүргөнун айтты.

"Ушу тапта административдик-аймактык реформанын негизинде өлкөдө 231 айыл аймак, 33 шаар, анын ичинде 2 республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлдү. Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуучу айыл аймактар ирилештирилип, шаарлардын территориялары бир топ кеңейтилди”, - деди ал.

Амангелдиев олуттуу каражат шаарларды өнүктүрүүгө жумшалганын белгиледи.

“Жалал-Абадга 2,2 миллиард сом, Караколго 2 миллиард, Кара-Балтага 1 миллиард, Токмокко 1 миллиард, Балыкчыга – 300 миллион, Таласка 300 миллион сом бөлүндү. Өнүктүрүү пландарына жараша бардык калктуу конуштарда колдоолор болот”, - деди ал.

Ошондой эле ал мамлекеттик органдардын райондук деңгээлдеги бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда дагы бир өзгөчө пилоттук долбоор башталганын кошумчалады. Анда министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан