Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Будапешт шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолукту. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлады.
Жыйында Балатон көлүн жана ага чектеш аймактарды өнүктүрүү, жөнгө салуу боюнча тажрыйбага таянып, венгриялык жана кыргызстандык адистердин өз ара аракеттенүүсү менен Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн комплекстүү, узак мөөнөттүү планын даярдоо иштеринин жүрүшү каралды.
Мындан тышкары, эки мамлекеттин өз ара соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелердин динамикасын эске алуу менен Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын көбөйтүү маселесинин алкагында 34 миллион долларга кошумча капиталдаштыруу боюнча макулдашуу жетишилди. Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу Кыргызстандын жана Венгриянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн бириктире турган ишкер кеңешин түзүү жана жыйынын өткөрүү сүйлөшүлдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Европа өлкөлөрүнө кыргызстандын азык-түлүктөрүн экспорттоо билим берүү, миграция, аивиация тармактарында сүйлөшүүлөр болду.