Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Будапешт шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Венгриянын Айыл чарба министри Иштван Надь менен жолукту. Бул туурасында президенттин администрациясы билдирди.
Маалымдалгандай, анда эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экени айтылып, биргелешкен долбоорлорду уюштуруу үчүн билимди, технологияны жана алдыңкы тажрыйбаны өз ара бөлүшүүгө умтулуу керектигин билдиришти.
Алар ошондой эле, өткөн жылдын ноябрында өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Бишкекте болгон эки тараптуу жолугушуусунда айыл чарба тармагында жетишилген перспективдүү бир катар артыкчылыктуу долбоорлор каралганын белгилешип, аларды активдештирүүнү сүйлөштү.