Будапешттеги III кыргыз-венгер форумунда бир нече келишимдерге кол коюлду (тизме)

Будапешт шаарында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай тармагында кызматташуу боюнча III кыргыз-венгер форуму болду. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалагандай, форумдун негизги максаты Венгриянын жана Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы компанияларынын ортосунда кызматташуунун келечегин талкуулоо жана ишкердик байланыштарды түзүү.

Агрофорумдун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Венгриянын компаниялары ортосунда эки тараптуу документтерге кол коюлду:

- “Кыргыз агрохолдинг” ААК менен “Умвельт Групп” ЖЧКсынын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- “Кыргыз Агрохолдинг” ААК менен “L.A.C. Zrt” Холдинги ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Венгриянын иш берүүчүлөр жана өнөр жай жумушчуларынын улуттук ассоциациясы менен “Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан