Төрөбаев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директорунун орун басары менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Венгриянын Будапешт шаарына болгон иш сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директорунун орун басары / Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Виорел Гуцу менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун ортосунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба тармагындагы инновациялар, суу ресурстарын туруктуу башкаруу, фермерлерди жана айыл жамааттарын колдоо, илим, билим жана квалификациялык тажрыйбаларды өнүктүрүү тармактарында кенен сүйлөшүү жүргүздү.

Мындан тышкары алар Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жана айыл чарба тармагында олуттуу ийгиликтерге жетишүү үчүн буга чейин жетишилген макулдашууларды активдештирүү жана ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан