УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен болгон жыйында президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери өлкөдө коррупция эки эсе азайганын жана дагы да азаярын айтты.
"Былтыркы жылдын 31-декабрында президентибиз Садыр Нургожоевич коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду. Ошонун негизинде биз мындан ары ошол мыйзам менен жашайбыз. Мыйзам 21-январдан тарта күчүнө кирет. 21-январдан тарта мамлекетибизде мамлекеттик кызматкерлер коррупция менен кармалса, катаал жазаланат.
Коррупцияга шектелген адам соттун чечими менен сөзсүз түрдө камалат, өмүр бою мамлекеттик ишке кайтпайт. Мамлекеттик кызматта иштеген жакын туугандары соттун чечими күчүнө киргенден кийин жумуштан алынат. 2020-жылы Садыр Нургожоевичтин командасы бийликке келген маалда мамлекетибизде коррупциянын деңгээли болжол менен 70-80 пайыз болгон. Азыркы күндө 30-40 пайызга түштү. Биз дагы 5-10 пайызга чейин түшүрүшүбүз керек", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал министрлерден жаңы мыйзам менен жоопко тартылып калбашын суранды.