Бишкек шаарынын Тоголок Молдо жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, беш сааттан кийин өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 00:24тө 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Буга кошумча аталган бөлүктөн саат 00:35те дагы 1 эсеп өрт өчүрүүчү топ жана штаб жөнөтүлгөн.
Өрт өчүрүүчүлөр жалынды таңкы саат 05:29да толук өчүрүшкөн.