Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын К.А. аттуу инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү фактысын аныкталган.
"14-январда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Салык кызматынын инспектору К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда тиешелүү тергөө – ыкчам иш-чаралар улантылууда.