Интернетте экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 27 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалды

Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратууга шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, интернет тармагына мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Инстаграм жана ТикТок социалдык тармактарынын активдүү колдонуучусунун баракчаларында экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдар боюнча маалымат алынган.

Аталган факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында бул материалдар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмуна тиешелүү деп табылган.

"Социалдык баракчанын колдонуучусу 1997-жылы туулган Ш.Н. аттуу Өзбекстандын жараны тарабынан социалдык тармактар аркылуу динчил аялдардын баш кийими – "никаб" сатылып, аудио коштоосунда жихадчылык мүнөздөгү "нашиддер" жарнамаланган", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан