Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:22де 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тарабынан болжол менен 55-60га жакын адам эвакуацияланды.
Өрт саат 12:00дө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.