Бүгүн, 19-январь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Жарылуу саат 08:30 чамасында Көк-Жар жаңы конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барышып, ал жерде 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсүнөн газ жарылганын аныкташкан.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды.
Натыйжада жарылуу толкунунан батирдин терезелери жабыркаган. Жабырлануучулар медициналык мекемеге жеткирилген.