Бишкекте орусиялык актёр Ефим Шифриндин жеке концерти болот

31-январда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында советтик жана орусиялык белгилүү актёр Ефим Шифриндин жеке концерти болот. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Белгилей кетсек, Ефим (Нахим) Шифрин 1956-жылы 25-мартта Орусиянын Магадан облусунда жарыкка келген. Алгач ал Латвия университетинен филолог адистигине ээ болгон. Кийин  Р.Г.Виктюк атындагы окуу жайдын эстрада, Орусиянын театралдык университетинин режиссёрлук бөлүмүн аяктаган. Анын В. Коклюшкиндин чыгармасынын негизинде жазылган алгачкы “Менин айткым келди” деген спектакли 1985-жылы коюлган.

Ефим Шифрин 1990-жылы Шифрин театрын негиздеген. Ал спектаклдерди гана койбостон, өзүнүн музыкалык чыгармаларында ролдорду да аткарып келет.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан