"Накталай кылып чыгарып беребиз". Бишкекте электрондук капчыктагы 64 миң доллар уурдалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Свердлов райондук ички итштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-январда милицияга бир жаран кайрылып, ошол эле күнү Үсөнбаев көчөсүнөн 64 миң 700 доллар өлчөмүндөгү электрондук капчыктагы акчасын 2 адам "накталай акчага алмаштырып беребиз" деген шылтоо менен алдап кеткенин айткан. Факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Анын алкагында шектүү делген А.С. жана К.Ж. аттуу жарандар кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөөдө арыздануучу белгисиз чет элдик абоненттик номур менен Telegram мессенджери аркылуу маек курганы, абонент электрондук акчасын накталай акчага которуп берүүнү убудалаганы, натыйжада жабырлануучу айтылган сумманы Trust тиркемесине которгондон кийин ал белгисиз адамдар тарабынан чыгарылып кеткени аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан