ХАМАС менен ок атышпоо келишиминен кийин Израилдин үч министри кызматтан кетти

Израилдин үч министри ХАМАС менен тынчтык келишимине каршылыгын билдирип, кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну айыптаганын жарыялады. Ошондой эле ал ХАМАС менен түзүлгөн келишимди "терроризмдин толук жеңиши" деп атады.

Улуттук коопсуздук министринен тышкары анын партиялаштары – мурас министри Амихаи Элияху жана улуттук туруктуулук министри Ицхак Вассерлауф да кызматтан кетишти. Алар ХАМАСка каршы согуштук аракеттер кайра башталса кайра кайтууга даяр экенин билдиришти.

Тынчтык жарыялоо чечимин каржы министри жана Бецалель Смотрич да сынга алды. Бирок ал азырынча өкмөттөн кетпей турганын айтты.

Эске сала кетсек, 19-январда күндүн биринчи жарымында Газа тилкеси боюнча келишимдин биринчи этабынын алкагында ок атышпоо жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан