Кыргызстанда кыргыз номурлуу Tesla Cybertruck сатыкка коюлду

Кыргызстанда кыргыз номуру тагылган Tesla Cybertruck сатыкка коюлду. Жарнама белгилүү унаа сатуу боюнча тиркемеге жарыяланды.

Унаанын баасы 200 миң доллар деп турат. Сүрөттөмөдө унаа 4000 гана чакырым жүргөнү айтылат. Сатуучунун байланыш номуру Орусияныкы. Унаа 18-январда сатыкка чыккан.

Cybertruck — Тесланын төрт жылдан берки биринчи жаңы модели. Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск унаа 96 км/саат ылдамдыкка 2,9 секундда жете аларын айткан. Ошондой эле бир заряды менен 1 жарым тоннадан ашык жүк жүктөп алып, 800 чакырымга чейин жүрө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан