ХАМАС барымтага алган үч кызды Израилге өткөрүп берди

Палестинанын ХАМАС кыймылы барымтада жаткан үч кызды ок атышпоо келишиминен кийин Израилге өткөрүп берди. Андагы түз эфирди "Аль-Жазира" телеканалы көрсөттү.

Туткундан бошотулгандар 24 жаштагы Роми Гонен, 28 жаштагы Эмили Тейла Дамари жана 31 жаштагы Дорон Штайнбрехер болгон.

Газа шаарындагы Сарая аянтынан берилген түз эфирге караганда, барымтадагылар атайын даярдалган унаага отургузулган. Аянтта эл көп болгондуктан унаа чыга алган эмес. Мындан улам ХАМАСтын куралчан согушкерлери чогулгандарды унаалардан алыстаткан.

Дамари менен Штайнбрехер Nova фестивалында Израилдин Кфар-Аза аймагынан уурдалган. Алар британиялык жана румыниялык кош жарандуулукка ээ.

Бул үч кыз бошотулгандан кийин Израил туткунда жаткан 90 палестиналык жаранды ХАМАСка өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан