Бишкекте дүкөндөн чыккан өрт чектөөгө алынды (видео)
Бишкектеги И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Айта кетсек, дүкөндөгү өрт бүгүн, 20-январда эртең менен чыкканы маалымдалган. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб иштеп жатат.