Нигерияда күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 70 адам каза болду (видео)

Нигерияда күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан 70 адам каза болуп, кеминде 56 киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Нигериянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жазды.

Андагы маалыматка караганда, аталган унаа жолдун кесилишинде кырсыкка кабылып, оодарылып кеткен. Унаадагы күйүүчү майды башка унаага которуу аракети жүрүп жатканда кырсыктаган унаа жарылып кеткен. Натыйжада ал жерден өрт чыгып, жакын жердеги унааларды, үйлөрдү каптаган.

Нигерия ӨКМинин берген маалыматында каза болгондор жергиликтүү тургундар жана ошол жерде жүргөндөр. Алардын көпчүлүгү күйүүчү май төгүлгөндө май алуу үчүн окуя болгон жерге келишкен.

Нигерияда күйүүчү май ташыган унаа жарылып, 70 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан