Трамп АКШны кайрадан күчтүү жана улуу өлкө кылууну убада кылды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Вашингтондогу тарапкерлеринин митингинде Американы кайрадан улуу өлкө кылууну убадалады.

"Биз АКШны кайрадан күчтүү жана бай кылабыз. Американы кайра улуу кылабыз", - деди ал.

Ошондой эле саясатчы анын администрациясы салыктарды кыскартууга жана армияны кайра чыңдоого ниеттенип жатканын белгиледи. Мындан тышкары ал АКШнын кызыкчылыктарын коргоого басым жасай турганын билдирип, алдыда сөз эркиндигин калыбына келтирүүнү жана мыйзамсыз миграцияны токтотууну убада кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан