
Өлкөдө бир жыл аралыгында 1 миллион 34 миң 196 айдоочу жол эрежелерин бузганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, жол эрежелерин бузгандардын көпчүлүгү жол белгилерине баш ийбегендер, ылдамдыкты ашырып айдагандар жана коопсуздук курун тагынбагандар.
Статистикага таянып, бир жыл ичиндеги жол эрежелерин бузгандарды бөлүп карай турган болсок:
- Мас абалында унаа башкарган 13 миң 496 айдоочу;
- Ылдамдыкты ашырып айдаган 187 миң 726 айдоочу;
- Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 3487 айдоочу;
- Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 11 миң 590 айдоочу;
- Автоээнбаштык кылган 563 айдоочу;
- Жол белгилерине баш ийбеген 428 миң 41 айдоочу;
- Коопсуздук курун тагынбаган 127 миң 311 айдоочу.
Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 104 миң 476 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.