"Тарыхта боло элек депортация". Трамп инаугурациясынын алдында бир нече билдирүү жасады

Бүгүн, 20-январда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясы Вашингтон шаарында өтөт.

Трамп инаугурациясынын алдында Вашингтондо чогулган тарапташтарына жолукту. Анда АКШнын жаңы шайланган президенти бир нече маанилүү делген билдирүүлөрдү жасады.

Трамптын билдирүүлөрүнүн маанилүүлөрүн карадык:

- 24 сааттын ичинде Байдендин бардык "акылсыз" буйруктарын жокко чыгарат.

- Эртең америкалыктар баарына жага турган көптөгөн жаңы жарлыктарды көрүшөт.

- Ал Украинадагы согушту токтотуп, үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоого убада берди.

- Жаңы президент Америка Кошмо Штаттарына мамлекеттерге жасалган бардык чабуулдардын мизин кайтаруу үчүн "темир купол" түзүүнү каалайт.

- Трамп АКШнын тарыхындагы эң ири депортацияны жакында баштоону убада кылды. Ал ошондой эле өлкөдө иштеп жаткан бардык мыйзамсыз мигранттарга жана бандаларга каршы согуш жарыялады.

- Натыйжалуулук департаментин Илон Маск жетектейт. Трамп "өлкө өз генийлерин баалашы керек" деди.

- Трамп трансгендерлерди аялдардын спортуна киргизбей турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан