
ӨКМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.
Буга чейин дүкөндөгү өрт бүгүн, 20-январда таңга маал чыгып, жеринде төрт күжүрмөн эсеп иштеп жатканы
жазылган.
Тилсиз жоонун кесепетинен төрт адам түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматы тарабынан биринчи медициналык кызмат көрсөтүлдү. Учурда жарандардын абалы туруктуу. Болжол менен дүкөндүн 300 чарчы метр аянты күйүп кетти.