Астанада 21 жаштагы жигит телефонун алып койгон туугандарын бычактап салды 

Астана шаарында түнү менен уюлдук телефондон оюн ойногон жигит телефонун алып койгон туугандарына бычак менен кол салды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 17-январь күнү таңкы 4төр чамасында болгон. Анда 21 жаштагы жигит онлайн оюндарды ойноп жатканда тууганы уктатпай жатканын айтып урушуп, телефонун алып койгон. Жинденген жигит ал уктаары менен ага бычак сайып, бөлмөдөгү башка туугандарына дагы кол салган. Окуядан 1997-жылы туулган жигит каза болуп, дагы үч адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Бул окуя боюнча Астана шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы комментарий берди.

"Бул кылмышка шектүү 21 жаштагы борбор калаанын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтарга караганда, чыр-чатакка жакындарынын ага карата айткан сөздөрү себеп болгон. Полиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат”, - деп билдирген Астана полициясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан