Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Урматбек Самаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Эске салсак, Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылдан 2023-жылдын май айына чейин иштеген. Ал 2023-жылдын апрель айынын аягында шаардын жылуулук берүү мекемесиндеги коррупцияга шектелип кармалып, кийин акталган.