Чүйдө күйөөсүнө бычак сайган деген шек менен 36 жаштагы аял кармалды

Ысык-Ата районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-январда түнкү саат 03:20дар чамасында милицияга Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасынан 36 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү келген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары анын 36 жаштагы аялы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө алар Новопакровка айылындагы үйдө спирт ичимдиктерин ичип отурушуп аялы бычак менен күйөөсүн ичке сайганы аныкталган. Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан