Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин мындан аркы карьерасын Кыргызстанда улантат.
Тагыраагы, Кичин быйыл жаңы түзүлгөн Ысык-Көлдүн "Барс" футболдук клубу менен бир жылдык келишимге кол койгон.
Кичин профессионалдык карьерасын "Абдыш-Ата" клубунда баштап, "Анжи", "Тюмень", "Торпедо", "Минск Динамо", "Енисей" жана "Ташкент Локомотив" сыяктуу командаларда ойноого жетишкен.