Каза болгон латвиялык баскетболчу Янис Тимма буга чейин жакындарына өз жанын кыюу тууралуу айткан жана анын мурдагы жубайы Анна Седокова бул жагдайдан кабардар болгон. Бул тууралуу орусиялык адвокат Екатерина Гордон "РИА Новостиге" билдирди.
"Өкүнүчтүүсү, өз жанын кыюуга аракет кылганы жатканын жакындары билишкен. Бул тууралуу Янистин эң жакын адамдарынын айрымдары, анын ичинде Анна да билген. Эгер адам катуу кыйналып жатса, аны түшүнүп, жардам бериши керек болчу. Эми тергөө органдары жаш, бир кезде абдан бай жигиттин өлүмүн кылдат карап чыгып, иликтөө жүргүзүүсү маанилүү", - деген ал.
Ал эми орусиялык блогер Антон Суворкин Анна Седокова Янис Тимманын көзүнө чөп салганын, мындан улам баскетболчу депрессияга түшкөнүн айткан.
Анын айтымында, Седокова 2024-жылдын жай айында Дубайда тартылган "Выжить в Дубае" долбоорунда Янис Тимманын көзүнө чөп салган.
"Мен ушунчалык таң калдым. Достор, бул 100 пайыз так маалымат. Аня ошол учурда футболчу Кокорин менен көңүлдөш болгон. Анан ал бул кылыгы Янис Тиммага жетпеши үчүн бардыгыбыздан кечирим сурап, ага айтпообузду суранган", - деген ал.
32 жаштагы баскетболчу, ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү Янис Тимманын өлүмү 2024-жылдын 17-декабрга караган түнү белгилүү болду. Спортчунун сөөгү Москванын борборундагы жатаканалардын биринин кире беришинен табылган. Жакын жерден телефону табылган, анын экранында мурунку аялынын номери жана ага чалууну суранган билдирүү жазылган. Окуя ырчынын туулган күнүнүн эртеси болгон.