Таласта мал уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн 55 жаштагы жаран Бишкектен кармалды

Бакай-Ата районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Талас облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган райондун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 11-сентябрында Кара-Коюн жайлоосунан 6 баш койду Ж.К. аттуу жаран айдап кетип калганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Мындан сырткары Бакай-Атанын дагы бир тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 11-сентябрына караган түнү Кара-Коюн жайлоосунан 1 баш жылкысын Ж.К. аттуу жаран белгисиз тарапка минип кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.К. аттуу жарандын өздүгү такталып, ал 1975-жылы туулган Токтогул районунун тургуну экендиги аныкталган. Бирок шектүү из жашырып жүргөндүгүнө байланыштуу, ага карата издөө жарыяланган.

Быйыл 17-январда Ж.К. Бишкек шаарынан кармалган. Ал Бакай-Атага алынып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан