
Чүйдүн Жайыл районунда пенсионердин акчасын уурдоого шектүү эки аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2024-жылдын 18-декабрында Жайыл райондук милициясына 77 жаштагы жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү Кара-Балта шаарындагы батиринен 600 миң сомун кымырып кеткен цыган улутундагы эки аялга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 30 жаштагы И.Т. жана 26 жаштагы М.М. эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.