Кечээ, 20-январда Вашингтондо АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи болду.
Аталган иш-чарага мурдагы президенттер, бир нече чет өлкөлүк лидерлер, саясатчылар, ири технологиялык компаниялардын башчылары катышты.
Ант берүү аземине келген Илон Маск Трамптын инаугурациясынан кийин сөз сүйлөп, талкууга кабылды. Өз сөзүндө ишкер жаңы президенттин тарапкерлерин куттуктап, бийлеп, кыйкырып дагы жиберген.
"Сиздердин аркаңыздардан жеңишке жетип отурабыз. Чыныгы жеңиш мына ушундай! Бизде коопсуз шаарлар, бекем чек аралар, акылга салынган чыгымдар болот. Биз эми Марска DOGE жөнөтөбүз!" - деген ал.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары анын кыймыл-аракетин нацисттик саламга окшоштурушкан.
Эске сала кетсек, Трамп буга чейин АКШнын 45-президенти болуп, 2017-2021-жылдары башкарган.