Зеленский туткундагы түндүк кореялык аскердин суракка алынып жаткан жаңы видеосун жарыялады

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram каналына Орусиянын Курск облусунда туткунга алынган түндүк кореялык аскер кызматкеринин суракка алынып жаткандагы жаңы видеосун жарыялады.

Видеодон жоокер тергөөчүнүн суроолоруна котормочу аркылуу жооп берип жатканын көрүүгө болот. Анда ал 17 жашынан баштап армияда кызмат өтөп келгенин айтат. Ошондой эле туткун Орусияга келер алдында согуш жөнүндө айтылбаганын билдирген.

Буга чейин Зеленский туткундагы жоокердин суракка алып жаткан видеосун жарыялап, Киев Орусиядагы украиналык туткундардын ордуна аларды алмашууга даяр экенин билдирген.

Белгилей кетсек, украин аскерлери тарабынан түндүк кореялык 2 аскер январдын башында Орусия аймагындагы согуш учурунда туткунга алынып, Киевге жеткирилгени айтылган.

21.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан