Чүйдүн аймагында 10-19-январь күндөрү жол жээктеринде мыйзамсыз соода-сатыкка карата "Соода-сатык" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында 70 жаранга жалпы 224 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Облустук жол инспекциясы билдиргендей, рейд жол жээктерин иретке келтирүү максатында өткөрүлгөн.
"Бүгүнкү күндө жол жээгинде күйүүчү май саткан 69 жаранга, Укук бузуу кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 3000 сомдон айып пул салынды. Ал эми кооптуу жүктү уруксаты жок ташыган 1 айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 195 беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 17 500 сом айып пул салынды", - деп билдирди мекемеден.
Чүй ЖКККБ жолдун жээгинде соода-сатык кылууга болбой турганын эскертти.