Түркиядагы лыжа базада өрт чыгып, 6 адам каза болду

Түркиянын Болу провинциясында жайгашкан Карталкая лыжа базасындагы мейманканалардын биринен чыккан өрттөн 6 адам каза болуп, 31 адам жараат алды. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт алгач жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында жети кабаттуу мейманкананын ресторанында башталып, андан кийин тездик менен бүт имаратка жайылып кеткен.

"Биздин 6 жаран каза болду. Жабыркаган 31 адамдын 26сынын абалы орто, экөөнүн абалы оор. Эки адам сууга секирип, качууга аракет кылып жатып каза болду", - деген телеканалга провинциянын башчысы.

Өрт учурунда мейманканада 234 адам болгон. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери тактала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан