Кыргызстанда жаңы ала-тоо породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар жергиликтүү кыргыз койлору менен гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат.
"Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери жана тоют департаментинин, мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунун окумуштуулары биргеликте жаңы кыргыз эт-май ала-тоо породасындагы койлорун сыноодон өткөрүү үчүн өлкөнүн түштүк облустарына чыгышты. Комиссиянын курамы ар бир фермердик чарбадагы койлорду сыноодон өткөрүп, жаңы породадагы койлорго баа беришет", - деп билдирди министрлик.