Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү кыйылган теректердин ордуна жаңы бак-дарактар отургузуларын билдирди.
Ал бак-дарактар кийин көчөнүн унаа жолун кеңейтүүгө ылайыкташып отургузуларын белгиледи.
"Теректерди алып жатканда коомчулукка "ордуна жаңы бактарды тигебиз" деп убада бергенбиз. Ал убаданы аткарабыз. Жакынкы арада жолду кеңейтүү боюнча бизде пландар жок. Бирок келечекте жолду кеңейткенге шарт түзүп кетебиз. Кийин акча каражаты болуп, жолду кеңейткенге муктаждык жаралып калса деген негизде мүмкүнчүлүктөрдү караштырып коёбуз. Бүгүнкү күндө жашылдандырууну карап, бак-дарактарды тигебиз. Буга жергиликтүү бюджеттен 600 миллион сомдон ашык акча каражаты каралган", - деди Жунушалиев.
Аталаган көчөдөгү теректерди кыюу иштери өткөн жылдын 25-ноябрында башталган. Вице-мэр Рамиз Алиев теректердин карылыгы жеткенин белгилеп, ордуна чынар же клён жалбырактуу бак отургузуу каралып жатканын билдирип, тургундардын пикирин сураган.