Мэр Бишкектин жолдорун оңдоо иштерин эрте бүткөрүү менен 415 миллион сом үнөмдөлгөнүн айтты

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын жолдорун оңдоого 2024-жылы жергиликтүү казынадан 3,5 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында, бул каражат мурунку жылдарга салыштырмалуу алда канча көп.

"Эң көйгөйлүү маселе жолдорубуздун акыбалы болгондуктан 2024-жылы эң көп иш-аракетибизди жолдорго жумшадык. Мисалы, мына 2017-жылы болгону 312 миллион сом каралыптыр. 2018-жылы 316 миллион, 2019-жылы 430 миллион, 2020-жылы 358 миллион сом. Ушундай аз суммада акча каражаты каралып келгендиктен жолдун акыбалы ушуга жетип калган. Биз 2024-жылы жолду оңдоп-түзөө иштерине баш-аягы 3,5 миллиард сом акча карадык. Бул жергиликтүү боюджеттен каржыланды. Андан сырткары биз күзүндө окуулар башталганда ыңгайсыз шарт түзүлбөшү үчүн жолдорду кыска убакытта бүткөрүү планы менен иштедик. Жакшы жери эрте бүткөрүүнүн алкагында биз 415 миллион сом үнөмдөй алдык. Канчалык эрте бүтсө ошончолук кошумча жумуштар аз болот экен", - деди Жунушалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан