Бишкекте мас абалда унаа башкарган айдоочу жол кырсыгына кабылды (видео)

Бишкекте мас абалда унаа башкарган айдоочу жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынан билдирди.

Маалымдалгандай, окуя бүгүн, 21-январда саат 09:30дар чамасында болгон. BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Хонда Цивик унаасын сүзүп кеткен. Унаалар 7-Апрель көчөсү менен Путепровод көчөсүнүн кесилишинде кагылышып, BMW үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги тосмону сүзө кулатып, бактын ичине кирип токтогон.

Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кырсык болгон учурда BMWнын айдоочусу мас абалында болгон.

Унаалар убактылуу токтотуучу жайга коюлуп, бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

21.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан