Баткен облусунун Лейлек районундагы маданият бөлүмүндө жасалма ведомстволор аркылуу 6,5 миллион 523 миң 917 сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, аталган сумманы райондук прокуратура 2022-2024-жылдары бөлүмдүн башкы эсепчиси кымырып алгандыгын аныктаган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.