Бишкек шаарында 25-январдан тарта автоматташтырылган жол чырак тутуму пилоттук режимде иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда калаа мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал бул үчүн 128 миллион сом каралганын айтты.
"Бул заманбап технология, башкача айтканда, жасалма интеллект десек болот. Биз 21 кесилишке коюуну пландап жатабыз. Эгер бул система Бишкек шаарына толук кирсе, унаа агымын жолго салып, тыгынды жокко чыгарабыз. Себеби жол чырактын коё берүү убактысы унаанын санына жараша өзгөрүп турат", - деди Жунушалиев.