Тайванда күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталды 

Тайвандын түндүгүндө күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү бүгүн, 21-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 0:17де болгон.

Кырсыктан 27 адам жабыркап, дагы 50 жергиликтүү тургун изоляцияга алынган. Жер титирөөнүн очогу Дапу районундагы Сисин айылында сезилген. Ал жердеги үйлөр, имараттар жана мектептер олуттуу зыянга учураган. Ошону менен катар жолдордон дагы ар кандай жаракалар кеткен.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрель айында Тайвандын жээгинде акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгон. Анда 1000ге жакын адам жаракат алып, 13 адамдын каза болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан