Бүгүн, 21-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту. Бул туурасында президенттик администрация билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар энергетика, бюджет, инвестиция жана социалдык өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбооруна көңүл бурулуп, анда долбоорду мындан ары алга жылдыруу, аны каржылоо жана эл аралык донорлор тарабынан колдоо маселелери талкууланды.
Татьяна Проскурякова "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору эл аралык каржы институттары үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын билдирип, муну жакында эле Брюсселде донорлор менен болгон жолугушуусу тастыктаарын, анда алар бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалагандыктарын билдиришкенин айтты.
Жыйынтыгында тараптар пландалган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн диалогду улантуу жана аракеттерди координациялоо зарылчылыгы тууралуу макулдашты.