Депутат Бишкекте оң рулдуу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салууну сунуштады (видео)

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев оң рулдуу унаалардын Бишкек шаарында жүрүүсүнө тыюу салууну сунуштады.

Ал өлкөнүн жолу сол рулдуу унааларга ылайыкташып салынганын белгилеп, жолдун оң тарабы менен жүргөн эрежени жок дегенде борбор калаада иштетүү керек деген оюн айтты.

"Муну мэрия өзүнүн токтому менен деле ишке ашырып койсо болот. АТРдин алкагында көп айылдар шаарга кошулду. Ошол айылдагы бош үлүш жерлерге унаа токтотуучу жайларды курса кандай болот? Оң рулдуу унаалардын айдоочулары унааларын ошол жакка токтотуп коюп шаарга коомдук транспорт менен киришеби, же тууганын чакырышабы деген ой да", - деди Сатыбалдиев.

Ошондой эле ал Бишкекте чоң жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө дагы чектөөлөрдү киргизүү керектигин айтты. Депутат жүк ташуучу унааларды сутканын белгилүү бир убактысында же шаардын белгиленген көчөлөрү менен жүрсө дейт.

Жогорку Кеңеш 21.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан