Депутат автобекеттердин көчүрүлүшү жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө чыгым жаратып жататканын айтты

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков Бишкек шаарынын четине көчүрүлгөн Чыгыш жана Батыш автобекеттери жарандардын чөнтөгүнө оорчулук жаратып жатканын айтты.

Жыйында "Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында транспорттук тыгындарды азайтуу жана транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жөнүндөгү" парламенттин токтом долбоору каралып жаткан.

Анда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев автобекеттердин калаадан тышка чыгарылшы шаар ичиндеги унаанын агымын азайтканын белгилеп өттү. Эл өкүлү бул кадам туура болгонун белгилеп, бирок ал жакта шарттар түзүлбөй калганына нааразы болду.

"Жок дегенде ошол жерлерге асфальт төшөп, даараткана жана башка нерселерин салып туруп көчүрсөк болмок. Бүгүнкү күнгө чейин ал жакта маселелер болуп жатат. Экинчиден жаңы автобекеттерден шаарга чейин келиши өзүнө чыгым болуп жатат. Кээ бирлер айылдан картошка жана башка нерселерин ала келет. Мына ошонун бардыгын таксиге салып алып шаарга келип жатат", - деди Чойбеков.

Калаа башчысы Жунушалиев жаңы Чыгыш автобекетти толук кандуу даяр болуп көчүрүлгөнүн белгилеп, ал эми жаңы Батыш автобекети муктаждыктан улам ал жакка убактылуу салынганын айтты.

"Батыш автобекетинин көптөгөн машруттарын ошол Чыгыш автобекетине эле кошуп салалы деген ой болгон. Бирок айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн ал жак ыңгайсыз болуп калат деген пикирлер болду. Ошондой эле айланма жолдо тыгын жаралат деген маселе болду. Бүгүнкү күндө убактылуу болсо дагы шарттарын түзүп бердик. Эми май же июнь айында курулуп жаткан Батыш автобекети бүтөт деп жатат. Бүтсө ал жерге көчүрүлөт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан