Сауд Арабиянын элчиси: Биздин жарандар Кыргызстандын кооз жаратылышын көрүүгө ынтызар

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль Радини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери боюнча да пикир алмашты.

Алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенин белгилеген Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш менен Сауд Арабиянын Аш-Шура Мажлисинин ортосундагы байланыштарды кеңейтүү жаатындагы ойлору менен бөлүштү.

Өз кезегинде элчи Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жатканы иштери тууралуу учкай маалымат берип, ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык долбоорлорго токтолду.

“Биздин өлкө Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар. Айрыкча жарандарыбыз өлкөңүздөрдүн кооз жаратылышын көрүүгө ынтызар. Буга байланыштуу акыркы жылдары кыргыз жерине келген туристтердин саны көбөйүп, соода-экономикалык байланыштарыбыз да жакшырып барат”, – деди элчи.

Ошондой эле ал төраганы Сауд Арабияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан